Учурдагы жаштардын кѳз карашы

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 28 Декабря 2011 в 08:25, реферат

Краткое описание

Эми “жаштар” деген сөздү эки “ж” тамгасы менен жазышыбыз керек “ЖЖаштар”, себеби азыр миңдеген жаш адамдар Интернеттеги “живой журналды” колдонушат. Ал жерде дүйнөлүк проблемалар жана кечээги кечелер талкууланат. Ар бир жаш адамда өзүнүн виртуалдуу бети бар. Эгерде андай болбосо, анда аны абдан кызык адам деп эсептешет.
Бул рефератта мен учурдагы жаштардын көз карашын, ойлорун чагылдыргым келет. Мен “Азыркы адамдарга эмне таасир берет?” деп ойлоп, ушул суроого жооп берүүгө аракет кылам.

Содержание работы

Киришүү 2
1. Карьерага көз караш 3
2. Массалык маданият маанилүү эмес 3
3. Саясатка көз караш 4
4. Турист эмес, саякатчы 5
Корутунду 6
Адабияттардын тизмеси 7

Содержимое работы - 1 файл

реферат по киргизскому.doc

— 55.50 Кб (Скачать файл)

МоскВА Мамлекеттик лингвистиКАЛЫК университетИ 
 
 
 
 

Реферат

“Учурдагы жаштардын кѳз карашы” 
 
 
 
 

Аткарды:

чөлкөм  таануучу кафедрасынын

ИМО 7-5-1 англ/кырг тобунун студенти

Пахомова  Д.Ю. 
 

Текшерди:

кыргыз  тилинин окутуучусу

Байтерекова Ж.С. 
 
 
 
 
 

Москва 2010

 

Мазмуну

 
 
 

 

Киришүү

 

    Азыркы  мезгилде дүйнөдө жаңы жаштардын  муундары пайда болду. Бул жаңы муундар байыркы муундардан өтө айырмаланат. Жаш карьеристтин образы белгилүү эмес, ал быйыркы замандарда калды. Азыркы жаштарга карьера жакпайт, алар үчүн массалык маданият жагымдуу эмес.

    Эми “жаштар” деген сөздү эки “ж” тамгасы менен жазышыбыз керек “ЖЖаштар”, себеби азыр миңдеген жаш адамдар Интернеттеги “живой журналды” колдонушат. Ал жерде дүйнөлүк проблемалар жана кечээги кечелер талкууланат. Ар бир жаш адамда өзүнүн виртуалдуу бети бар. Эгерде андай болбосо, анда аны абдан кызык адам деп эсептешет.

    Бул рефератта мен учурдагы жаштардын  көз карашын, ойлорун чагылдыргым келет. Мен “Азыркы адамдарга эмне таасир берет?” деп ойлоп, ушул суроого жооп берүүгө аракет кылам.

 

    

1. Карьерага көз караш

 

    Байыркы муундар бала болгон кезден баштап карьера жөнүндө ойлошкон. Ар бир иш өөдөлөтүү менен болуш керек, ал эми ал оор же жеңил маанилүү эмес болгон. Көп жаштар күндө 20 саат иштей алган, себеби келечекте алар топ-менеджер болушу мүмкүн же өзүнүн жеке бизнесин ача алган.

    Азыркы  муундар акча гана үчүн иштегиси келбейт. Жаштар офисте же катаал график боюнча иштөөгө даяр эмес. Алар үчүн чыгармачылык жана өзүнчөлүк эң маанилүү нерсе. Жаштар журналист, дизайнер, программист же PR-менеджер болуп иштегиси келишет. Жаш адамдар өзүнүн жеке бизнесин ачкысы келет, бирок алар үчүн бул бизнес чоңбу же кичинеби маанилүү эмес. Эгерде бул бизнес жакшы акча берсе жана алар өздөрүнүн жаккан нерселерин жасай алса, анда алар бизнес үчүн эч нерсе ашык жасабайт. Учурдагы жаштар адатта кичине жеке бизнестерди тааныштар менен жасап, эч кандай жаңы байланыштарды кылбайт.

    Эмне үчүн жаш адамдар карьерага ушунтип тийиштүү болот? Бардык адамдар карьеранын өзүнүн чеги бар деп түшүнөт. Ошондуктан алар реалдуу нерселерди түшүнүп, мүмкүн эмес иштерди кылбайт. Дагы азыркы адамга боштондук абдан маанилүү нерсе. Жаш адамдар боштондукту бардык кырдаалдардан эркиндик деп түшүндүрөт. Алар жумушту, батирди же жашоонун образын абдан тез алмаштыра алышат. Учурдагы жаштар үчүн боштондук эң негизги асылдыктардын бири.

2. Массалык маданият маанилүү эмес

 

    Бир жагынан, азыркы жаштар массалык маданияттын балдары, бирок экинчи жагынан, алар бул маданияттан качып кетүүгө аракет кылат. Жаштар өздөрүнүн жетишүүлөрүн жакшы билет, алар менен мактанат. Алардын ою боюнча, башка адамдар билимсиз, сылыксыз, таламдар же хобби болбогон адамдар деп эсептелет.

    Индивидуалдуулук жок болгон үлгүсү бул телевидение, өзгөчө реалити-шоулор, сериалдар жана тамаша программалар. Жаштардын көбү сын алгыны сейрек карап, адатта белгилүү адамдарды шылдыңдоо үчүн көрүшөт. Ушундай программаларга пародиялар абдан популярдуу жана белгилүү. Реклама бул дагы бир күлүүнүн объектиси. Логотиптер, реклама видеолор жана слогандар кайтадан жасалат.

    Кээде рекламага пародиялар абдан уятсыз, бирок бул рекламанын калпына  реакция. Учурдагы жаштар үчүн адамдык кымбаттыктар абдан маанилүү, бирок азыркы мезгилде ошол кымбаттыктар абдан сейрек жолугат. Ошондуктан жаштар башка адамдардын алдында абдан уятсыз болуп, достор жана жакындар менен өзгөчө ак ниеттүү болот.

3. Саясатка көз караш

 

      Саясат менен мамилелер да абдан кызык. Жаштар ар кандай саясаттын активдүүлүгүнүн формаларына көңүл салбайт. Шайлоонун жыйынтыгы жаштар менен байланышкан эмес деп эсептелгендиктен, жаштар шайлоолордо катышкан эмес.  Ар кандай саясаттын активдүүлүгүнүн формалары сатиранын объекти болот. Национал кыймылдарын жаштар жаратышпайт, себеби алар көбүнчө интернационалдар. Алар башка элдер менен жеңил сүйлөшкүсү келип, башка өлкөлөргө жеңил баргысы келет.

    Саясатка  көз карашынын формасы – флэшмоб. Флэшмоб бул чогуу кыймыл, бирок, башка адамдардын ою боюнча, бул кыймыл абдан кызык жана сандырак. Мисалы, көп жаштар чогулуп, бир жерде отуруп же ар кандай темаларга айта башташат. Адатта, флэшмобдун өзгөчө максаты жок. Жаштар өздөрдүн шаблондорго каршылыгын көрсөткүсү келишет.  

4. Турист эмес, саякатчы

 

    Көңүл ачууларда да жаштар өзгөчөлүктөр табат. Жаштарга азыр узак саякттар өзгөчө жагат. Ошол узак саякаттарда алар бир шаарда токтоп, ал жерде кандайдыр бир ишти табып, батирди ижарага алып, тургундардай жашашат. Алар жергиликтүү тамакты жеп, жергилктүү кийимди кийинип, жергиликтүү тилде сүйлөшөт. Ушундай саякатчылар Индияда, Таиландда, Вьетнамда өзгөчө көп, себеби ал жердеги жашоо жетишинче арзан. Эгерде жаштар кандайдыр бир чоң шаарда жашаса, алар үчүн керектүү акчаны чогултуу өтө жеңил. Алар акчаны чогултуп, тропиктерде бир жыл бою жашай алышат. Ушундай саякатчылар азыр Африкада, Америкада, Австралия жана Жаңы Зеландияда деле пайда боло баштады.

    Учурдагы  жаштардын кызыгуулары да абдан  ар түрдүү. Эгерде адамда кандайдыр бир хобби болбосо, анын жашоосу толук эмес деп эсептелет. Хобби болгон факты өзүнчө маанилүү. Азыркы жаштар экстрим спортко катышып, үйдүн төптөрүнө чыгып, жердин астына түшүп башка белгилүү эмес кыймылды кылат. Эгерде бир хобби белгилүү боло баштаса, ал жаштар үчүн жагымдуу эмес хоббиге айырмаланат. Мисалы,  сноуборд жана тоого көтөрүү жалпы спортко айланып, жаштардын ичинде популярдыктан ажырады.

 

Корутунду

 

    Учурдагы  муундарды “скептиктердин муундары”  деп атаса болот. Жаштар рекламага, СМИге же саясатчыларга ишенбейт. Рекламанын артынан товарды сатуу деген каалоо гана бар деп жакшы түшүнүшөт. Алар өзгөчөлүктөрдү жана ак ниеттүүлүктү баалап, баары бир массалык маданияттын балдары болот. Алар бир нече керектүү жана ыңгайлуу буюмдарсыз жашай албайт.

    Балким, отуз жаштан кийин биздин муундарыбыз ийгиликтүү адистерге өзгөрүп, чоң үй-бүлөлөр менен жашашат. Бул жетишинче чын өңдүү, себеби азыркы жаштар жакшы билим ала алышат, башка элдер менен жакшы байланышат. Бирок азыр алар, албетте, келечек жөнүндө ойлошпойт.  

 

Адабияттардын тизмеси

 
  1. Пирсоне Т. Система современных обществ. М., 1997.
  2. Бабушкин Ю.У. Искусство в жизни людей. СП. 2001.
  3. www.google.kg
  4. http://nabchelny.ru/news/molodezh/2010-03-17/zhizn_i_obshchestvo_glazami_molodogo_pokoleniia
  5. http://www.auportal.ru/jurisprudence/so_gu_d_07.php
  6. http://www.akipress.org/dic/

Информация о работе Учурдагы жаштардын кѳз карашы