Алыкул Осмонов

Автор работы: Пользователь скрыл имя, 23 Декабря 2011 в 11:16, биография

Краткое описание

Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.

Содержимое работы - 1 файл

Алыкул Осмонов.docx

— 32.60 Кб (Скачать файл)
 

Алыкул  Осмонов (1915 - 1950)

Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы  Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт. Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.

Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар, Узак, узак, узак болсун бул сапар. Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да, Кайра кайтып жолугушчу жолдор бар. Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт, Толкун урса тайызына сүрүлбөйт. Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей, Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт.

1935 - 1950-жылдардын  аралыгында ал ондон ашуун  ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты. Алыкул Осмонов эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Улуттук сөз өнөрүнүн бүгүнкүсү менен эртеңкиси туурасында ойлонуу, өзүнө талап коюу А. Осмоновду көп нерсеге милдеттендирди. Ошондуктан мурдагы жазгандары такыр жакпай, өз жараткандарын өзү жериди. Нечен толгонуудан кийин басмага даярдаган ырларынын жаңы жыйнагын өрттөп да жиберди. Бул үчүн чоң жүрөк, ашкере баатырдык керек эле. Алыкулда андай касиет, сапаттардын баары бар болчу. Анын чыгармачылыгынын бурулуш учуру да дал ушул жылдарга туура келди. Бирок ажал арбайган ач колун ага сунуп, өлүм жакындап, суусу түгөнө берди. Ашкере айкөл, ташкындаган таланттын туз-насиби 35 жылга гана өлчөнгөн экен, залкар акын 1950-жылы 12-декабрда дүйнөдөн кайтты.

Калемдеш жана замандаштарына караганда Алыкул Осмоновдун таланты  да, тагдыры да бөлөкчө. "Кудайга миң мертебе калп айтса да, ырына бир жолу да калп айта албаган" бул акын өзүнүн керемет поэзиясы менен адамдардын жүрөгүнө жашоонун не бир ажайып сулуулугун, кымбаттыгын жеткире алган. Акын мөлү Алыкул өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес. Ошондуктан өмүрүнүн акырына чейин поэзияны ыйык туткан. Кудурети күчтүү табияттан анын сураганы да бир гана нерсе эле. Ал ыр болчу:

 Мен турмушта  сараң, ачкөз эмесмин,

 Өктөө кылып: "Ай, аз бердиң, - дебесмин.

 Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу,

 Мага берсе, эки сабак ыр берсин.

 А. Осмоновдун  акындык жана адамдык сапатын  мына ушул төрт сап ыр эле аныктай алат. Ал өмүр бою бул шертинен тайган жок. Улуу адамдар кайталангыс таланты менен өздөрүн өлбөс кылып жаратышат. Алыкул да ошондой таланттардын катарына кирет.

 Бар бололу, түгөнбөйлү, курдаштар,

 Узак, узак, узак  болсун бул сапар.

 Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да,

 Кайра кайтып  жолугушчу жолдор бар.

 Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,

 Толкун урса  тайызына сүрүлбөйт.

 Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,

 Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт.

Бул саптарды окуганыңда Алыкул Осмонов сенин жаныңда баягыдай эле тирүү бойдон тургансыйт, чыныгы поэзияга тизе бүгүп, таазим кылууга аргасыз кылат.

Таланты таш жарган акын Алыкул Осмонов Панфилов районундагы  Каптал-Арык айылында 1915-жылы кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Ал жаш кезинен эле ата-энесинен ажырап, жетимдиктин азабын да, турмуштун кыйынчылыктарын да башынан өткөрөт. 1925-жылы Фрунзе шаарындагы балдар үйүнө кабыл алынат. Бир аздан кийин эле ал балдар үйү Токмок шаарына көчүрүлөт. 1925 - 1928-жылдары ошол балдар үйүндө тарбияланат. Мына ушул жерде адабий китептерге өтө кызыгып, өз алдынча ыр да жазып көрөт.

 Он төрт жашында Фрунзедеги педагогикалык техникумга кирип, анын алдындагы адабий ийримге катышып, орустун белгилүү жазуучуларынын чыгармалары менен таанышат. 1930-жылы "Сабаттуу бол" газетасынын сентябрь айындагы санында биринчи жолу анын "Кызыл жүк" деген ыры басылып, адабий тушоосу кесилет. Ушундан баштап анын ырлары газета, журналдарга үзбөй жарыяланат. 1933-жылы техникумду бүткөндөн тартып, ал биротоло чыгармачылык иштин артынан түшөт. Дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүн үзбөй окуп, билимин, тажрыйбасын тереңдетет.

1935 - 1950-жылдардын  аралыгында ал ондон ашуун  ыр китептин ээси болду. "Таңдагы ырлар", "Жылдыздуу жаштык", "Чолпонстан", "Махабат", "Жаңы ырлар", "Менин жерим - ырдын жери" деген жыйнактары жарык көрдү. "Мой дом" аттуу ырлар жыйнагы 1950-жылы Москвадан орус тилинде басылды. Бул китеп жалпы союздук окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынып, акындын атагын алыска таратты.

Алыкул Осмонов  эң мыкты котормочу да болгон. Ал Пушкиндин, Шекспир, Низами, Шота Руставели сыяктуу дүйнөлүк адабияттын алптарынын көркөм дүйнөсү менен кыргыз окурмандарын биринчилерден болуп тааныштырат. Айрыкча улуу акын Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" поэмасынын Алыкул таржымалдаган котормосу аңызга айланып, атпай Ата Журтубуздун бүт булуң-бурчуна жетти. Шекспирдин "Отелло", "Он экинчи түн" сыяктуу драмаларын да кыргыз көрүүчүлөрү анын котормосу боюнча сахнадан көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Информация о работе Алыкул Осмонов